Предмет: Кыргыз тили, автор: mujnagito

1. “Сынган кылыч” аттуу тарыхый романды жазган жазуучу ким? а) Аалы Токомбаев б) Жоомарт Бөкөнбаев в) Төлөгөн Касымбеков г) Чыңгыз Айтматов 2. Асылбек эмне себептен жогорку окууга өтпөй калды? а) даярданган жок б) ооруп калгандыктан в) кечигип калган г) эс алып жүргөндүктөн 3. “Эрте келген турналар” повестин ким жазган? а) Төлөгөн Касымбеков б) Аалы Токомбаев в) Алыкул Осмонов г) Чыңгыз Айтматов 4. Асылбек кайсы жакта иштөөнү туура көрдү? а) колхоздо иштөөнү б) ГЭСте иштөөнү в) тракторист болууну г) эсепчи болуп иштөөнү 5. Султанмурат жактырган кыздын аты ким? а) Мырзайым б) Мунара в) Мырзагүл г) Жаңылмырза 6. Бул сөздөр кайсы чыгармадан алынган? Баарыбызга мээрим бересиң, достук шаарындай, борборум сен..... а) Сулайман тоо б) Ак буура в) Кыргызстан г) Бишкегим 7. “Бул чыгарманы жазуучу өзүнүн уулуна арнаган. Уулунун жашоодогу кыйынчылыктарга чыдап, келечекте чыныгы адам болуусун каалаган” Кайсы чыгарма жөнүндө сөз болуп жатат? а) Эрте келген турналар. б) Ак буура. в) Сулайман тоо. г) Бишкегим. 8. Султанмурат. Анатай. Мырзагүл. Каармандар кайсы чыгармадан алынган? Автору ким? Балдар жөнүндө эмне айта аласың? ........................................................................................................................ ........................................................................................................................ 9. Ак-Буура...? а) район б) дарыя в) айыл г) төөнүн аталышы 10. Чыгарма боюнча улантып жаз....... Асылбек атасын аяп кетти. Анткени атасы Асылбекти өзүнүн ордуна колхоздун эсепчиси кызматына койгусу келди. Ал эми Асылбек болсо....... ...................................................................................................................................​

Ответы

Автор ответа: IHIHIHIHIHIHIHIHIHI
0

Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы өзүнчө бир доор - Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый роман. Чыгармада айрым коомдук өнүгүүнүн терең катмарларына жасалган тарыхый экскурстарды эске албаганда да, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках-Болот хан даргага асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар чагылдырылган. 75 жыл бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү, ойлоп тапкан амалы бир максатка багытталган. Ал - өз алдынча, көз карандысыз мамлекет куруу, улултук намыстын туусун бийик кармоо, улуттук эркиндикти эңсөө. Жазуучу эркиндиктин, көз карандысыздыктын символу катары канаттуунун падышасы - бүркүттү тандаган. Элдин эркиндиги хандык тарабынан тушалып, журт кыйналган мезгилдин жеке көрүнүшү. Колунан бүркүтү учуп, кайра өзүнө кол салып, көзүн оё чокуган Сарыбай мүнүшкөрдүн трагедиясы аркылуу берилген. Жазуучу өзү тутунган бул идеяны ишке ашыруу үчүн Сарыбайдын трагедиясы менен гана чектелбейт. Жалаң салык салуу менен элди сокур Сарыбайдай жүдөтүп, карайлаткан Кокон хандыгын кулатуу үчүн болгон күрөштө эл ичинен суурулуп чыккан кол башчы Исках-Болот хан «Бүркүт план» түзөт. «Бүркүт план» менен элдик көтөрүлүштүн күчү көркөм сүрөттөлөт. Ошону менен бирге Исках колго түшөөр күнү кароол таштын үстүнө чыгып, өз «ааламын» тегерете тиктеп турганда кайдан-жайдан бүркүт учуп келет. Бүркүттөй эркиндикти эңсеген Исках-Болот мындай дейт: «Оо кайран баатырдыктын, бийиктиктин кырааны. сөөлөтүн кара, келбетин кара...» “Баатыр куштун шаңшыганынан “Кел, кайран эр, учалы! Пастык, ыпластык жок жайларга, чагылгандуу кара булуттун нары үстү жайнап турган жарык күнгө чабыт кылалы. Жүр, кайран эр” – деген чакырык уккандай чөккөн көңүлү көтөрүлүп, эркиндикти самоо, тилөө, ардуу толгон жүрөгү лак-лак согот”. Чебер сүрөткер Т. Касымбеков чыгармада жогорудагыдай эпизоддор аркылуу “Элдик турмуштун жан сырын” – негизги элдик мүдөөнү чагылдырган. Эркиндик жөнүндөгү кылымдар бою калыптанган элдик түшүнүктөн улам, балким, кайра жаралган эгемендүү Кыргызстандын гербинен бүркүттүн сүрөтү орун алды. Чыгарманын тарыхый роман катары кийинки муундарга берүүчү нравалык сабагы арбын.

Похожие вопросы
Предмет: Музыка, автор: Bobricov666
Предмет: Геометрия, автор: Nurzhan94