Предмет: Кыргыз тили, автор: tynctykturgunaliev19

Жаныл Мырза Деген зат атоочко синквейн тузгуло. Срочнооооо!!!! Помогите!!!

Ответы

Автор ответа: svetacimbaluk1
0

Ответ:

Жаңыл Мырза" — эпосу баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. Ал баатырдык эпостордун арасында өзгөчө орун ээлейт. Бул чыгармадан баатырдыкты, патриоттуулукту, акылмандыкты, намысты, куру намысты жана армандуу сүйүүнү кезиктирүүгө болот.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Жаңыл Мырза туурасындагы жети фактыны сунуштайт.

Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты

Кыскача сюжет. Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү, даңазалуу баатыр кыз Жаңыл Мырза XVII кылымда жашап өткөн деп айтылат. Ал эми эпос ХVII-ХVIII кылымдарда Ойрот-Жунгар доорунда пайда болгондугу туурасында айтылган маалыматтар бар. Сюжеттин жүрүшүндө Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраттуулугу тез эле көп жерге тарайт. Катагандын ханы Турсун, кыргызга белгилүү хандары Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл Мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Анын эрдигин, кайратын көрө албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайратынан жазбайт. Баатыр кыз баарынан эркиндикти жогору коёт. Кыз да болсо өз уруусунун намысын коргоп, жеке тагдырын, өмүрүн өлүмгө байлап кызматын кылат. Эпосто намыскөйлүк деген түшүнүк анын өзөгүн түзөт. Ал өзү ашык болгон Түлкү баатырды жаа менен атып, кийинки тагдырын азаптуу да, армандуу да нукка бурган. Анын кайгылуу тагдыры кыргыз адабиятында ар кыл жанрда окурмандарга сунушталып келе жатат.

"Жаңыл Мырза" эпосунун төрт варианты бар. Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу борборунун кол жазма фондусуна Тоголок Молдонун, Ыбрай Абдракмановдун, Абдыкалык Чоробаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун варианттары сакталган. Чыгарманын варианттары бир нече ирет басылып чыгып, окурмандарга сунушталган.

Похожие вопросы
Предмет: Русский язык, автор: kamala2010