Чуй баяны можете написать конспект по кыргызскому
Ответы
Молдо Кылыч жана Чүй баяны сүрөттөлгөн мезгил Кылычтын "Чүй баяны" аттуу поэмасында орустарга болгон мамилесин, көз карашын шарттуу түрдө эки мезгилге бөлүп көрсөткөн. Алгачкы жана кийинки. Эгерде алгачкы мезгилде толгонуу, чочуркоо, шек - тенүү, жек көрүү мүнөздүү болсо, кийинчерээк акындын көз карашында белгилүү өзгөрүүлөр пайда болот. Алгачкы мезгилде акын ислам динин орустар булгап коёт го деп коркуп аларды жек көрсө, кийинчерээк Чүй боо - рундагы жаңы өзгөрүүлөрдү, чарбадагы жаңылыктарды орустар алып кел - генин айтат. Негизинен "Чүй баяны" антиорустук ойдогу казал деле эмес, андагы башкы ой Чүй өзөнүнүн керемет табиятын, эли-жерин ачып көрсөтүү. Чыгарманын эң басымдуу бөлүгү Чүй өзөнүнүн өсүмдүктөр жана жа - ныбарлар дүйнөсүн айтууга багытталган. Акын 140 өсүмдүктүн атын атайт, ар биринин өзгөчөлүктөрүн, алар - дын адам жашоосундагы маанисин белгилейт. Казалчы, Сары Өзөн Чүйдүн 73 жаныбарын атайт жана ал аркылуу бул аймактын флорасынын жалпы өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө аракет кылат.