дилбаян Аалы Токомбаев
Ответы
Ответ:
Аалы Токомбаев (Балка) — акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик. Кыргыз Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры.Акын Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган .
1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат.
1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган.
1927-жылы Чүй кантонунда РОНОнун башчысы болуп иштейт.
1927–1929-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жж. «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болгон.
Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын) мүчөсү, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган. А.Токомбаев түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин А.Фадеевдин кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.
1988-жылы өлгөндөн кийин акындын бардык китептери акталган.
2007-жылы кыргыздын мыкты кара сөз, драматургия, поэзия, публицистика жаатындагы чыгармалары үчүн Аалы Токомбаев атындагы республикалык сыйлык уюштурулган.