Предмет: История, автор: kubatovaajdanek1

Манас баатырдын алгачкы эрдиктери

Ответы

Автор ответа: nurzanat015
1

Ответ:

Манас баатырдын алгачкы эрдиктери — сюжеттин өнүгүшүндөгү окуялардын чиелениши, бутактанып өнүгүүсүн шарттаган баскыч.

Жакыптыкына барган Ошпур Манастын баш бербегендигин айтып, балаңарды алгыла деп өтүнөт. Зарлап жүрүп көргөн жалгыз баламды калмактардын калың жерине таштап койбой алып кел, тентек өскөн немеден санаам тынбады деп Чыйырды да наалыш кылгандыктан, Жакып Ошпурдукуна барып, уулун ээрчитип кайра тартат. Жолдо жылкылары жатчу Ак-Өтөктөн уюлгуган чаңды көрүп, карап калган Жакыптын жанына жылкычы башчысы Ыйманкул келип жер коруган калмактар жылкыларды кубалап жүргөнүн айтат.

Жакыпты көрүп жетип келген калмактар тегеректеп алып, ага кол салышат. Ыймандын колундагы укуругун ала коюп, Манас калмактардын башчысы Кортукту чокуга чапканда, башы жарылып, ал жан берет. Дагы бир нече калмакты аттан түшүрө чаап, качкандарын кууп жөнөгөндө Манас калмактардын айлына кирип барбасын деп чочулаган Жакып артынан жетип, баласын токтотот. Айланайын каралдым, алды-артыңды кара, бул жерде сенин кызырлуу кыргыз элиң жок, булар көп, сен азсың, балтыр этиң толуп, баралыңа келгенде өчүбүздү аларсың, азыр ээликпе, башчысын сойдуң, башкаларына катылба. Өлгөн калмактын кунун берип кутуларбыз деген атасына уулу: жөн эле корко бербечи, кун дегениң эмне? — дейт. Кун деп санап мал алат, ал салган малына көнбөсөң бул жердеги аз кыргыз чабылат. Акыры өзүңдү өлтүрүп тынат — деп түшүндүрөт атасы. Жаш баланын ачуусу келет: өзүлөрү кол салбадыбы, кун бербеймин, бирөөдөн коркуп, корголоп жүрүп жан сактабай эле койдум. Деги сенин түбүң ким? Бала атасынан тегин сурады. Жакып уругу кыргыз экенин, чоң атасы Ногой көп жерди башкарып турганын, анын көзү өткөндө Эсенкан жиберген көп кол элди чаап, Ногойдун балдарын туш-тушка айдаганын айтып: туугандарың чачылган, элиң алыста араң жүргөндө минтип сен эр өлтүрүп карыган кезимде курубадымбы — деп, кейийт.

Похожие вопросы