сын атооч макалакаптар
Ответы
Ответ:
Сабырдын тубу сары алтын
Туулган жердин топурагы алтын
Элдин эки тиреги бар, биринчиси — акылман, экинчиси — баатыр
Элиңди жаман көрсөң элге кан тип батасың,
Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны татту
Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
Адам — адам үчүн табылгыс дары.
Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт) чаласынан, сөз чаласы жаман.
Адам алсызы — урушчаак.
Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
Адам ит жандуу.
Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай
Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
АК ийилет бирок сынбайт
Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
Баатыр жарасыз болбойт.
Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
Бай — балпаң, жок — жалтаң.
Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
Чыккан тооң бийик болсо, ыргыт канташың ыраак түшөт
Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы — жаманы иш түшкөндө билинет
Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман