Предмет: Кыргыз тили,
автор: arol53203
Каныбек романы жонундо дил баян
Ответы
Автор ответа:
10
Ответ:
Каныбек — Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана негизги каарман каардуу заманда жашаган кулдун оор тагдыры, кыйын турмушу сүрөттөлөт. "Каныбек" романынын 1-китеби 1939-жылы, 2-китеп 1941-жылы, 3-китеп 1948-жылы басылып чыккан. Чыгарманы автор тогуз жылга чукул убакыт жазган.
Жазданып окулган чыгарма. Роман кыргыз окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган. Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы улуу-кичүү дебей ар бир кыргыз жазданып жатып окуган чыгарма болгон. Элге эң кеңири тарап, Каныбек аттуу каарманды кыргыз окурмандарынын арбыны жадында жаттап калган эле. Бул боюнча драма жазылып, көркөм тасма да тартылган.
Объяснение:
Надеюсь помог
Похожие вопросы
Предмет: Информатика,
автор: bobrdobr83
Предмет: Биология,
автор: miroslavalozovaya
Предмет: Алгебра,
автор: Ivankukolka
Предмет: Алгебра,
автор: kuzminevgenij519