эссе на тему кожожаш срочно дам 20 баллов
Ответы
Ответ:
Кожожаш жонундо маалымат. Мергенчилик кылып айылын баккан, кийиктерди түп көтөрө кырып, акырында жалгыз калган сур эчкинин каргышына калып, аскадан түшө албай калган Кожожаш жөнүндөгү дастанды баарыңар эле уксаңар керек. Бул дастан кыргыздардын мергенчилик менен күн көргөн байыркы турмушунан кабар берип, адамдардын табиятка болгон ошол кездеги мамилелерин чагылдырат. Байыркы адамдар жаратылыштын кубулуштарын түшүнүшкөн эмес, күндүн күркүрөшүн, айдын тутулушун, башка табият кубулуштардын өзгөчө бир касиеттүү күчтөрдүн иш - аракети деп кабыл алышкан. Жаныбарлардын да өз коргоочулары болот, алар да адам сыяктуу жашашат деп ойлошкон. Мына ушунун негизинде бара-бара укмуштуу жомоктор пайда болгон. Аларды уккан балдар турмуштун кыйынчылыгына чыдап, дөө - пери болсо да беттешип, женип чыгууну дегдешкен. Кожожаш дастаны ушундай жомоктон жаралган