Предмет: Кыргыз тили,
автор: bakalaevakanykei
418. Алган билимди алгачкы жолу бышыктоо көнүгүүсү. 1) Төмөнкү текстти окуп чыккыла. 2) Андан этиш сөздөрдү таап, көчүрүп жазгыла. 3) Унгу, мүчөлөргө ажыраткыла. Элдин чыныгы уулу Жай айлары. Чолпонбай жүргөн бөлүк Дон суусунун чыгыш тарабын- да орношкон. Замбиректер күрсүлдоп, пулемёттор тытырайт. Душмандын дзотун талкалоо үчүн буйрук берилет. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Чолпонбайлар Дондун жээгиндеги камышка келип токтошту. Суудан кантип өтүү керек? Бул суроону чечип, Ысык-Көлдүн балыгындай сузуп, Чопонбай бат эле суунун аркы өйүзүнө чыкты. Дзотко карай гранаталар- ды зыркыратып ыргыта баштады, бирок ийинде жаткан жети баштуу желмогуздар ажалдын огун себе беришти. Дал ошол секундада Чолпонбай чыгыш тарапты бир карады. «Кош, тууган эне, кош, тууган жер, тууган эл!» - деп, дзоттун оозун жүрөгү менен басып калды. Бул кимдин уулу? Бул - элдин чыныгы уулу. Кыргыз эли Чолпонбай Түлөбердиев менен дайыма сыймыктанат жана аны эч качан унутпайт!
Ответы
Автор ответа:
1
Ответ:
2) этиш сөздөр:орношкон, күрсүлдөп, тытырайт, талкалоо, токтошту, берилет, чечип, сузуп, чыкты, ыргыта баштады, себе беришти, карады, басып калды, унутпайт.
3) Элдин- эл унгусу дин сөз өзгөртүүчү мүчө
Суудан- суу уңгусу дан сөз өзгөртүүчү мүчө
калган сөздөр да ушундай уңгу мүчөгө ажыратылат.
Похожие вопросы
Предмет: Математика,
автор: shemetmilka
Предмет: Другие предметы,
автор: rvald
Предмет: Математика,
автор: v2176276
Предмет: Другие предметы,
автор: Tania357519
Предмет: Алгебра,
автор: demyanpe2006