Предмет: Кыргыз тили, автор: sdd62546

Алымкан жонундо ангеме тузуш керек срочно

Ответы

Автор ответа: aruzhankurmang54
0

Ответ:

Адамдагы сезимдердин эң бийиги, ыйыгы, сырдана туюгу жана кылымдап жашаса да картайбаган касиеттүүсү - бул махабат. Дал ушундай улуу сезимди тутантып, ал сезимден урпактан-урпакка калгыдай улуу кайрыктардын жаралышына себеп болгон нечендеген сулууларыбыз бар. Ал сулуулардын аттары эскирбес болуп элге сиңип, өзүлөрү көмүскөдө калып сыр бойдон жашап келет. Залкарларды сүйдүргөн ошондой аруузаттардын эң эле белгилүүлөрүнүн бири - Токтогулдун Алымканы. Дегеле Алымкан деген айым өзү ким болгон?..

"Аксылык жигиттердин ыры болгон Алымкан"

Аксынын ак шайы сулуусу 1874-жылдын кеч күзүндө, Койташ айылынын жогору жагындагы Бакаулак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Субан жайытына малы, төрүнө баскан байлыгы батпаган, тектүү жерден тээк издеп, жакшы жерден чыккандар менен теңирин сүйүп катташкан, өзгөлөрдөн өз кадырын өйдө койгон адам болуптур. Угуттуу саруу уруусунан таралган оготур уругуна таажылуу бий болуптур.

Субан бийдин үч аялы болуптур. Үчүнчү аялы болгон маңдайы жарык Макмалдан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген чолпондой үч кыз көрөт. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын өсөт. Алымкан атасы дайындаткан боз жоргонун үстүнөн түшпөй, аш-тойдон калбай, каалаганын кийип, самаганын таптырып айжамалы келишип 10 жашка толот. Жайлоонун төрүн жайлап теңтуш балдар менен чүкө атышып, ай нурунда ак чөлмөк ойноп өсөт. Эркекче жүрүп, эркек балдардын эркеси болгонун эч ким өөн көрбөйт. Кирпигине жаш албай, көңүлүнө кир илбей эркин жүрөт. Анан 12-13 жашка келген кезде аны кыз ыйбаасы коштоп, муңайым, назик тарта баштайт. Мурдагыдай эркек балдардын оюн-шоогуна катышпай калат. Ошентип 15-16 жаштар чамасында кадимкидей бой салып, жетилүү курагына келет. Аяр басып, акылга салып иш кылат. Атасына айтар сөзүн энеси аркылуу айттырып, энеси менен акыл бөлүшүп, нар көтөрбөс нарктуунун жүгүн көтөрөт. Күн өткөн сайын күлмүңдөп жүзү ачылат, ай өткөн сайын келбетине келип, табият ага ургаачынын бир бактысы болгон сулуулукту суратпай берет. Басса-турса балтырын сылап буралган коюу кара чачы тал чыбыктай солкулдаган боюна жарашып чырайы чыгат. Ууртундагы бармак басымдай меңи сүттөй жүзүн ого бетер мөлтүрөтүп көргөзүп, жууган карагаттай кареги, кайрылган канаттай кашы карагыны келтирип турчу дешет. Субан бийдин каарын, теңтайлаша албаган тагдырын эстеп, эчен курдай эчкирип ыйлап арманда болгондор өздөн да, жаттан да чыккан экен. Ушундай-ушундайдан улам Макмал эне кызын эркек көзүнөн, жигит сөзүнөн сактоонун аракетин жасап, "көңүлүн бурган жан болсо болсун, а бирок алардын суук сөзүнөн, кайра жанбас каргышынан жаратканым сактасын", - деп, дубалатып тумар, ырымдап көз мончок тагат. Өйдөкүдөй абалдан улам Алымканды көрүп көөнүн байлаган, атын угуп айылды алты айлангандар көп болот. Алардын айрымдары ыр чыгарып, ал кыз оюндарда, жаштар арасында ырдалып, Алымкандын атагын Аксынын чегинен алыс таанытат. Мындай кырдаал кызды ого бетер жоопкерчиликке, гүлдөн назик, күндөн жылуу болууга түрткү берет.

Похожие вопросы