Предмет: Кыргыз тили, автор: meerima512

помогите пожалуйста написать конспект про Темиркулов Үмөталиева на кыргызском ​

Ответы

Автор ответа: zanelarman016
0

Ответ:

Акын Темиркул Үмөталиев Жаңы-Жол районунда караштуу Тоо-Жар айылында 1908-жылы туулган. 1925-жылы Темиркул Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.

1928–1929-жж. техникумда окуп жүргөндө Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жж. Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.

Т.Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.

1946–1953-жж. «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон.

Т.Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.

Т.Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Т.Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Т.Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.

1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.

1982-жылы «Too гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.


meerima512: спасибо
Похожие вопросы
Предмет: Алгебра, автор: akkinaru