Предмет: Кыргыз тили, автор: akylaiulanbekova4

Токтогул сатылганов дилбаян керек болтат срочно жардамга—

Ответы

Автор ответа: sabyrbekovaaisuluu09
1

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.

Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган.

Похожие вопросы