касымалы Баялинов Ким?
Ответы
Ответ:
Жазуучу Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган. Жаш кезинен ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон.
1916-жылкы көтөрүлүштө качкындар менен бирге Кытайга барат.
Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы болуп ар түрдүү иштерге жалданып иштейт.
1919-жылы К.Баялинов Ленин комсомолуна мүчө болуп өтүп, Ташкенде ачылган алты айлык советтик-партиялык курсту аяктайт.
1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска жөнөтүлөт.
1921–1925-жж. Алматыдагы казак педтехникумунда,
1929-1933-жж. Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуйт.
1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштейт.
1925-жылы К.Баялинов Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз секциясына редакторлукка жөнөтүлөт.
1926-1928-жж. жана 1935-1937-жж. Кыргызмамбастын башкы редактору,
1933-1935-жж. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору,
1940-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору,
1941-жылдан «Ысык-Көл правдасы» облустук гезиттин редактору,
1944-1947-жж. жана 1949-1955-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы,
1947-1949-жж. СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.