Предмет: Кыргыз тили, автор: japarovajumagul673

"менин ыйык мекеним" дилбаян ​

Ответы

Автор ответа: au1vaa09
12

Ответ:

Объяснение:

Менин Мекеним - асман тиреген тоолордун, шаркырап аккан суулардын, бийик мөңгүлөрдүн, көз жоосун алган жайыттардын, токойлордун, тунук жана кооз көлдөрдүн жери. Мына ушундай жерде сыйчыл, токтоо жана эмгекти сүйгөн карапайым адамдар жашайт.

Кыргыздар өзүнүн бай тарыхы, кооз жаратылышы, улуттук кийимдери, каада-салты, музыкалык аспаптары, жада калса ичимдиги менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргызстанда канчалаган ойчул, талант ээлери, тайманбас баатырлар, кайраттуу энелер жашап өткөн.Ушундай бейиштегидей жерибизде дүйнө жүзүнө белгилүү адамдар эмгектенип, өмүр сүрүшөт. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүм үчүн сыймыктанам! Күн сайын эмес, саат сайын өлкөбүздүн гүлдөшүн, экономикабыз өнүгүшүн каалайм.

Похожие вопросы
Предмет: Алгебра, автор: salaevaindira076
Предмет: История, автор: mahanbet2087