Предмет: Кыргыз тили, автор: almaznuradilov14

Кыргыз адабият Дильбиян жазуу "Чынгыз Айтматов"

Ответы

Автор ответа: aizatabdulmanapova
0

Ответ:

Чыңгыз Айтмаов- азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драммалык чыгармалар кыргыз адабиятынын өнүгүшүнөн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка шыгы 50-жылдарда Бишкектеги айыл чарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айрымаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат. Ч.Айматовго дүйнөлүк кадыр-барк алып келген анын калеминен жаралган 60-70-жылдарда жазылган “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, “Кылым карыткан бир күн”, “Кыямат” жана “Кассандра тамгасы” аттуу чыгармалары жарыяланган. Чынгыз агай Манас эпосу туралуу “Манас –эпос-океан” деген эле. Жазуучунун бизге калтырып кеткен мурасы да океан –сымал. Аны менен баарлашкан ар бир адам жылуулукту, боорукерликти, кичи-пейилдикти, жөнөкөйлүктү жана жакындыкты сезди. Жеф Лили “Чынгыз Айтматов-азыркынын манасчысы” –деп айткан.Чынгыз агай кыргыз улутун, кыргыз элин, бүтүндөй ааламга даңазалап “Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу уюткусу бар, касиеттүү эли бар, бул кыргыз улуту”- деп тааныткан

Похожие вопросы
Предмет: Немецкий язык, автор: datzenkoyaroslav