Предмет: История, автор: marlestoktogulov1

1820ж чыгыш туркстандагы жангер кожо жетектеген которулуштун мунозу кандай болгон

Ответы

Автор ответа: lera661030
0

Объяснение:

Жахангир (1783–1827-жылдан кийин) – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтөрүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небереси, «Ышкиййа тарикаты» («Актоолуктар») сопулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Бурханеддин менен Аппак кожо дагы Цин зомбулугуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш калкалоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип, Цин бийлигине тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Ферганага качырышкан. Жааңгер кожо баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы «Суранчы бийдин козголоңу» деп аталат. Ушул козголоңдун таасири менен Жааңгер кожо 1821-ж. Кашкарга 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, жеңишке жетише албай, Алайга чегингенде, ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1824-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыккан. Негизги таянычы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга аракет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү менен кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-ж. элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйругун жарыялаган. Ошол жылы күзүндө Жааңгер кожону туткунга түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер Ак-Талаадагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак менен Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (к. Атантай Рыскул уулу, Тайлак баатыр). Ушул

Похожие вопросы