Предмет: Кыргыз тили, автор: rauhanmamarbaewa1018

А.Чоробаевдин чыгармачылыгы тууралуу эмнелерди айта аласыңар? АДАБИЯТ ПОМОГИТЕ ПЖ​

Ответы

Автор ответа: abdurasulova1616
3

Ответ:

Абдыкалык Чоробаев - кыргыз элинин улуу муундагы акындарынын ири өкүлү, көрүнүктүү фольклорист, кыргыз этнологиясы боюнча адис, Тоголок Молдонун шакирти, санжырачы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгегин сиңирген кызматкер, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын - кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өз мезгилинде тиешелүү салымын кошкон. Өз жазуучулук стили, чыгармачылыктагы өзүнө таандык тематикасы менен башка акындардан айырмаланат. А.Чоробаевдин чыгармачылыгында Мекенге, эли-жерине болгон сагынуу, кусалык, жоктоо, эмгек, сүйүү, ашыктык, эл эмгегин даңазалоо, аялдар темасы, боштондук, балдар дүйнөсү, окуу-билимдин мааниси ж.б. тематикадагы ырлары бар. Чыгармалары санат-насыят, терме, уламыш ж.б. жанрда жаралып, ар түрдүү. Акынды өз доорунун замандаш-калемгерлеринен бөлүп турган өзгөчөлүк - элдик оозеки чыгармачылыктан баштап профессионал адабиятка чейин өсүп, адабияттын эки чоң багытында: фольклор жана кыргыз жазма адабиятында чыгармачылыгын бирдей уланта алгандыгы.

Похожие вопросы
Предмет: Английский язык, автор: ziverteen
Предмет: Математика, автор: matvieishchich
Предмет: Английский язык, автор: sasasepel28