Предмет: Кыргыз тили, автор: ismarislam20071705

помогите с Кыргызским пж ​

Приложения:

Ответы

Автор ответа: A0807
1

Ответ:

1) Орун, мезгил, сын-сыпат, сан олчом, максат, себеп бышыктоочтор

2) Мезгил бышыктооч - Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун болгон, болуп жаткан, же боло турган мезгилин билдирген айкындооч мүчө мезгил бышыктооч деп аталат. Качан качанга чейин, качандан бери, качандан тарта, качандан тартып, кайсы убакта, кайсы кезде, кайсы маалда, кайсы учурда. деген суроолорго жооп берет.

3) Орун бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин ордун, багытын көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр орун бышыктооч д.а. Каякка? Кайдан? Кайда? Каякта? Каерге? Каерде? Каерден? Каякты көздөй? Каякка карай? Каяктан бери? Каерден тарта? Каякка чейин? Каерге чейин? деген суроолорго жооп берет.

4) Сыпат бышыктооч - Кыймыл-аракеттин сыпатын, мүнөзүн, кандайча болгонун сыпаттап турган бышыктооч мүчөлөр сыпат бышыктооч д.а.Кантип? кандайча? кандай? эмне болуп? деген суроолорго жооп берет

5)Себеп бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин болушунун, анын орундалышынын себебин көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр себеп бышыктооч д.а. эмне үчүн? Эмнеликтен? Эмне себептүү? Эмне себептен? Кандай себептен? Кайсы себептүү? Кайсы себептүү? деген суроолорго жооп берет.

6)Максат бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин максатын көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр максат бышыктооч деп аталат.

Эмнеге? эмне үчүн? эмне максат менен? деген суроолор берилет.

7)Өлчөм бышыктооч – сан-иретин, аралык, мезгил, жаш, сан-ирет өлчөмдөрүн билдирип турган бышыктооч мүчөлөр өлчөм бышыктооч д.а.

Канча? нече? канчанчы? неченчи? канча жолу? нече жолу? канча ирет? канчага, канча мертебе? деген суроолорго жооп берет.

Похожие вопросы