Курманбек эпосундагы образдар Конспект
Ответы
Ответ:
Курманбек (баатыр) эпос. Көпчүлүк маалыматтарда бул эпосто тарыхый адамдар сүрөттөлөт деп белгилешет. Ал эми “Эр Солтоной”, “Эр Эшим”, “Курманбек” сыяктуу эпикалык чыгармалардын окуялары кыпчак калмак-жуңгар баскынчыларына баш көтөрө баштаган тарыхый мезгилге таандык.«Курманбек» – Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору» аталып, XVI-XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип түзүлгөн эпикалык чыгарма. Чыгыш Түркстан, (Кашкар, Жаркент, Каржар, Камбыл) Ооганстан, Анжиян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) аймактары чыгарманын тарыхый негизин, Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, кошуна хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарды тарыхый фактылар менен аныктайт.Курманбек» – XVI-XVII кылымдардын аралыгында жашап өткөн тарыхый инсан. Ал өз элинин эркиндиги үчүн калмак төбөлдөрү менен күрөшкөн. Элдик баатырдын эл үчүн өлүмдөн да жалтанбастыгы азыркы муундарды эр жүрөктүүлүккө, эл-жерин сүйүүгө тарбиялайт. «Курманбек» эпосу– көп варианттуу, ички кудурети, идеясы, сюжеттик өзгөчөлүгү менен айырмаланган чыгармалардын бири.
Объяснение: