помогите по кыргызскому литературу
напишите сочинение на тему ' Ысмайыл жана азыркы мезгил' из повести Ч.АЙТМАТОВА.
Ответы
Ответ:
Бетме-бет" повестинин башкы каарманы Ысмайыл турмушта болгон киши, ал азыркы Кара-Буура районунун Көк-Сай айлында жашаган, "эркиндикти ушунчалык сүйгөн, күлүк ат десе жанын берген жан эле. Ичип-жеп, ырдап-чардап жүргөндү баарынан артык көрчү. Өзү да бектен-хандан кайра тартпас, жүрөктүү болгондуктан, ар ким менен кер-мур айтышып, кезеги келсе урушкандан кайра тартчу эмес… " деп эскерет жазуучу. Ошол Ысмайыл согуш бүтөрдө кесилип, он жылдай түрмөдө жатып, кайра чыгып келгенде "Менин жаным тирүү калды. Эмне десеңер ошо дегиле. Ооба, фронттон качтым, он жыл түрмөдө да жаттым. Бирок сак-саламат, соо калдым. Башкалардай окко тосулган жокмун" деп эч кимге моюн бербей жүрчү экен. Таластын Көк-Сай айлында "Ысмайылдын үңкүрү" бар, ал согуштан качып ошол жерде жашынып, ага Сейде ошол жерге тамак алып барып турган.