Предмет: Кыргыз тили, автор: ba4atulebekova

сочинение на кыргызском языке ар бир кесип ардактуу​

Ответы

Автор ответа: Jasik04
8

Ответ:

Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Өз кесибин туура эмес тандаган адамдар турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналышат. Бул тандоо олуттуу жана оңойго турбайт, тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болот. Өмүрүбүздүн үчтөн бир бөлүгүн иштеген жумушта өткөрөбүз, тактап айтканда тандап алган кесип менен алек болобуз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө болгон көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, адамдарда окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат. Мисалы, куруучу менен мугалимди, милиционер менен инженерди салыштыралы. Алар кесиптери жана иштеген иштеринин негизинде бири-биринен айырмаланып турушат. Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалаң гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чонойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалан гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кеңири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кылаарын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат.


skusainbaj: спс
Похожие вопросы
Предмет: Қазақ тiлi, автор: asselk99
Предмет: Қазақ тiлi, автор: 0077989