Манастын чоролору кимдер? Чоролор жөнүндө сүйлөш бер.
В крации пожалуйста
Ответы
Ответ:
"Кырктын башы Кыргылчал" дейт, ал 40 чоронун башкарачуусу болгон. Булар кандын түздөн-түз буйругун аткаруучулар, жан сакчылары, аскердин негизги өзөгү болуп түзүлгөн. Чоролор согуш убагында жоокер болсо, тынчтык мезгилде коомдо жана эл ичинде ар кандай кызматтарды аткарган. Маселен, Ырамандын Ырчы уулу жар айтып, ырдап, аспапта ойноп, азыркы маданият министринин ордун аткаргандай. Дагы бир чоро Ажыбай 70 уруунун тилин билген. Ал дипломат, тилмеч, эл ортосундагы көпүрө болуп бере алган. Демек, ал тышкы иштер министрине тете десек туура. Далы ачып, төлгө салган Төлөбай (Төлгөбек) болгон. Калк башкарган Калкаман, эл башкарган Эламан дегендер айтылат. Мындайча айтканда, чоролор калк арасында кандай зарылчылыктар болсо, ошого карап иш кылышкан. Кырк чоро азыркы тил менен өкмөт курамы деп түшүнүүгө болот. Белгилүү чоролор деп Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек, Ырамандын Ырчы уулу, Шууту, Бозуул жана Кыргылчал эсептелинет.
Объяснение: