Предмет: Кыргыз тили, автор: eguaros97

На какие вопросы отвечает толуктооч аныктооч бышыктооч в кыргызском языке? С переводом

Ответы

Автор ответа: ahatovmuslim98
3

Ответ:

Бышыктооч - сүйлөмдө баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин тууралыгын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын билдирген айкындооч мүчө.

Бышыктооч маанисине, ага жараша сүйлөмдө аткарган милдетине жана грамматикалык байланышына карай, баяндоочтун айланасына топтошот. Демек, Бышыктооч - баяндоочтун тобуна кире турган айкындооч мүчө. Ал кыймыл-аракеттин ар кандай белгилерин көрсөтүү менен, баяндоочтун маанисин бышыктап, кеңейтип, айтылуучу ойду толук, так жана жеткиликтүү берүүдө чоң роль ойнойт. Бышыктоочтор багындыруучу сөзү менен болгон маанилик катышына, сүйлөмдөгү синтаксистик милдетине карай: мезгил, орун, сын-сыпат, себеп, максат, сан өлчөм Бышыктооч болуп бөлүнөт.

Бышыктоочтун милдетин жөнөкөй жана татаал формадагы ар кандай сөз түркүмдөрү: зат атооч, сан атооч, ат атоочтор, тактооч, этиштин чакчыл формасы, жандоочтор менен айкашкан сөздөр аткарат.

Бышыктооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөт. Мис.: Шамбет өз ишине кызуу киришти. (кызуу - жөнөкөй сын-сыпат Бышыктооч).

Похожие вопросы
Предмет: Қазақ тiлi, автор: vbugaev1955
Предмет: Русский язык, автор: Леонид17