Решения задач по предмету Кыргыз тили

Предмет: Кыргыз тили, автор: nzusupova461
Предмет: Кыргыз тили, автор: aruukemambetova137
163. Алган билимдерди бышыктоо көнүгүүсү. 1) Төмөндөгү сүйлөмдөрдөн эскирген сөздөрдү жана неологизмдерди тапкыла. 2) Эскирүүнүн себептерин түшүндүргүлө. 3) Жаңы сөздөрдүн качан пайда болгондугун болжолдоп айткыла. 1. Дыйканымды өлтүрдүң, бай-манап, башыма жабыр келтирдиң. 2. Ал кезде береги алп крандарды, кубаттуу экскаваторлорду, тигил агрегаттарды, топурак сузуп жүргөн грейдерлерди, чанда болсо да, көрчү эмеспиз. 3. Кыргыздын атынын такасы кайларга түшпөгөн, кыргыздын кылычы кайларга шилтенбеген. 4. Ордо тез арада Кожомуратты датка атыктырып, Кедейбайды Наманганга бек кылып жиберди. 5. Саадак менен атам деп, Киричтен огу чыкканча, Огун кесеп алыптыр. Эр Манас найза сайыптыр. («Манас») 6. Азыркы базар экономикасынын шартында коммерсанттар, фир- малар, аукциондор, акционердик коомдор, валюта, бизнесмендер пайда болду. Ири шаарларда супермаркеттер, интернет-кафелер ачылып, кар- дарларды тейлей башташты.​
Предмет: Кыргыз тили, автор: kanykeibeksultanova7
Предмет: Кыргыз тили, автор: bachoasanov
Предмет: Кыргыз тили, автор: romasteam20
28. Саякбай Каралаев жөнүндө текст менен таанышкыла. Залкар манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү Ысык- Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөн айылында төрөлгөн. Ал бала кезинен элдик чыгармаларды чоң энеси Дакиштен угуп чоңоёт. Чоң энеси небересине чоң манасчылардан уккан, эсте калган ыр саптарын айтып берген. Бирок, ал манасчы болом деп ойлогон эмес эле. Саякбай он эки жашында Жети-Өгүздө Төлөбай деген байдын коюн кайтарып жүрөт. Бир күнү кара таштын түбүндө уктап калып түш кө- рөт. Түшүндө кара таш боз үйгө айланып, анын ичине кирсе, Каныкей эне тосуп алып, колунан даам таттырат. Даанышман Бакай болсо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир-бирден сыпаттап айтып, тааныш- тырып чыгат. Ошондон кийин Саякбай «Манастан» үзүндү айтып, ошол кездеги чон манасчыларга жолугуп, таалим-тарбия алып, манасчы болуп калыптыр.​